Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Берлин: полиция Хангошвилинин өлүмүнө шектүүнүн сүрөтүн жарыялады


Кылмышка шектүүнүн сүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн сүрөтү.

Германияда Берлин шаардык полициясы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини өлтүрдү деп шек саналган адамдын сүрөтүн жарыялады. 40 жаштагы Хангошвили 23-августта киши колдуу болгон, аны ошол күнү түшкө жуук Моабит районунда атып кетишкен.

Кылмышка шектүү ошол эле күнү кармалган. Полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.

«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн орус атайын кызматтары менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырган. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операция катышкан.

XS
SM
MD
LG