Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Виталий Кличко Киевдин мэрлигинен кетти


Виталий Кличко Киев шаарынын мэри болуп 2014-жылы дайындалган.
Виталий Кличко Киев шаарынын мэри болуп 2014-жылы дайындалган.

Украинада өкмөт Киев шаардык администрациясынын башчысы Виталий Кличконун кызматтан өз эрки менен кетүү жөнүндө чечимин колдоду. Бул тууралуу парламент депутаты Алексей Гончаренко «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда айтылгандарга ылайык, мындай чечим өкмөттүн бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин президенттик администрациянын башчысы Андрей Богдан жергиликтүү басылмалардагы маегинде Киевдин мэри менен өз ара макулдашуу бар экенин, Виталий Кличконун мэрлик кызматта калар-калбасы ошол келишимдин аткарылышынан көз каранды болорун айткан. Жакында эле Богдан Кличкону «шаарга көзөмөл кыла албай калды» деп сындап, «кызматтан кетиши керек» деп чыккан. Ошондой эле Кличкону «кызматта калтырыш үчүн пара сунуш кылды» деп күнөөлөгөн. Ушундан улам Кличкону Мамлекеттик иликтөөлөр бюросу суракка чакырган.

Виталий Кличко Богдандын айткандарын «суу кечпеген сандырактык» деп баалап, өзү тууралуу дооматтардын баарын четке каккан.

Дүйнөнүн бокс боюнча бир нече жолку чемпиону Кличко Киев шаарынын мэри болуп 2014-жылы дайындалган. Ал Кыргызстанда, Чүй облусунун Ак-Суу айылында төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG