Италияда башкаруучу коалиция ыдырагандан кийин жаңы өкмөт куралды жана Жузеппе Конте кайрадан премьер-министр болуп дайындалды.
Көпчүлүк коалициядан Маттео Сальвини жетектеген «Лига» партиясы чыгып кеткенине байланыштуу өкмөттүн жаңы курамында чоң өзгөрүүлөр болду.
Жузеппе Конте кызматтан кетерин 21-августта жарыялаган. Ал өз чечимин башкаруучу коалицияны түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкы менен түшүндүргөн. Конте ошол кездеги вице-премьер-министр Маттео Сальвинини өкмөттү каатчылыкка кептегени үчүн сынга алган.
Сальвини болсо Италия өкмөтүндө ынтымак кеткенин айтып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү керек экенин айтып чыккан.
Өткөн айдын аягында Италия парламентинде көпчүлүктү түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» партиясы менен Демократиялык партия коалициялык өкмөт куроо боюнча мунасага келип, премьер-министрлик кызматта Жузеппе Контени кайра калтырууну чечкен.
Конте өкмөттү 2018-жылдын 1-июлунан бери жетектеп жаткан. Ал «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» түзгөн өкмөттө бул эки партияга тең тиешеси жок, өз алдынча премьер-министр болгон.
Маттео Сальвини болсо Москвага жан тарткан саясатчы экени белгилүү.