Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:48

Конституциялык палата пропорционалдык шайлоо системасын мыйзамдуу деп тапты


Кыргызстандагы шайлоо процессинен бир учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 4-пунктунун Баш мыйзамга шайкештигин текшерүү боюнча Ишенбай Кадырбековдун арызын карап, аталган норма Конституцияга каршы келбейт деп тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сот чечимди 4-сентябрда кабыл алды.

Конституциялык палата кабарлагандай, Конституциянын 70-беренесине ылайык парламенттин депутаттары пропорционалдык тартип менен шайланат. Аны ишке ашырууну жөндөгөн жогоруда аталган мыйзамга ылайык партиялар тизме түзүп, округдарда добуш алуу аркылуу шайланып келет. Бул кайсы бир талапкерди эмес, партияны гана тандоону камсыз кылат. Тизмедеги талапкерлер жайгашкан катарына жараша мандат алат.

Президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндөгү жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамдар топтомуна президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда кол койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясыны мурдагы төрагасы, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков андагы айрым пункттар Баш мыйзамга каршы келеет деген пикирин билдирип, Конституциялык палатага кайрылган. Кадырбеков пропорционалдык-партиялык системаны жоюп, мурдагыдай мажоритардык - көп мандаттуу системаны киргизүүнү сунуш кылып келет. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG