Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Киев соту учак кырсыгынын күбөсүн абактан бошотту


Владмир Цемах.
Владмир Цемах.

Украинанын Киев шаарындагы апелляциялык сот бүгүн, 5-сентябрда Владимир Цемахты сот залынан бошотту. Нидерланд жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу Цемах малайзиялык учак атып түшүрүлгөн окуянын маанилүү күбөлөрүнүн бири экенин кабарлаган.

Цемах быйыл июнь айында камалган. Ал Украина жана Орусия бири-бири менен алмашканы жаткан туткундардын тизмесинде болгон.

Европа парламентинин 40 депутаты Цемахка байланыштуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылды. Анда Цемах «Донецк элдик республикасынын» мурдагы согушкери экени, учактын кыйрашын иликтөөдө маанилүү күбө болору белгиленген. Ошондуктан алар аны алмаштырылганы жаткан туткундардын арасына кошпоого чакырышкан. Бул тууралуу Европарламенттеги нидерланддык депутат Кати Пири «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Эл аралык тергөө тобу учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып койгон. Бул окуя боюнча Гаагада сот эмдиги жылы мартта башталат.

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

XS
SM
MD
LG