Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Путин: Москва менен Киевдин туткундар боюнча сүйлөшүүсү аяктап калды


Орусия камаган украин деңиз аскерлери.
Орусия камаган украин деңиз аскерлери.

Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунда Москва менен Киевдин туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу комментарий берди. Анда ал тараптар дээрлик макулдашып, алмашуу жараяны башталганы калганын айтты. Путин туткундарды алмашуу «көлөмдүү жараян» экенин белгилеп, эки өлкөнүн алака-катышын калыбына келтирүүдө ал «жакшы кадам» болорун айтты.

Путин туткундар алмаша турган күндүн датасын тактаган жок. «Интерфакс» маалымат агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, алмашуу жараяны 7-сентябрда ишке ашырылганы жатканын жазган.

Өткөн айдан тартып эки өлкө бири-бири менен туткундарды алмашуу боюнча батыл сүйлөшө баштаган. Буга чейин жараян 1-сентябрга чейин ишке ашары кабарланган, бирок анда туткундар алмаштырылган эмес.

Украина Орусия жалпысынан 150 жаранын мыйзамсыз камап отурганын билдирген. Алардын арасында «террорчулукка» байланыштуу айыпталган режиссёр Олег Сенцов да бар.

Орусия өзүндөгү туткундарды кимдерге алмашкысы келерин ачыкка чыгара элек.

XS
SM
MD
LG