Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

ЖЭБ иши боюнча сотто Токон Мамытов суралды


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 5-сентябрда Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланып, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов суралды.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде сотто 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо боюнча насыялык келишим боюнча токтомго эмне себептен кол койгонун айтып берген:

- Мен «Жогорку Кеңештин комитеттеринин колдогонун, өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчыларынын кол койгонун көрүп кол коюп койгом» деп айттым. «Жогорку Кеңештин үч комитетинин колдогон корутундусун көрүп кол койдум. Эгерде комитеттер колдобосо, мен кол коймок эмесмин» дедим.

Учурда акыйкатчынын милдетин аркалап турган Токон Мамытов 2013-2014-жылдары өкмөттө коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр болгон.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Ага байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG