Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Жайыл райондук ооруканасынын дарыгери өз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери өз өмүрүнө кол салып, жандан кечкенин бир катар массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттыкка» ырастады.

Окуя дарыгердин өзүнүн үйүндө болгон.

Баштапкы маалыматтарга караганда дарыгер өзүнүн күрөө тамырын кесип салган. Көп кан жоготкондуктан өзү иштеген оорукананын дарыгерлери анын өмүрүн сактай албай калышкан.

Министрлик ырастагандай, дарыгер аталган кызматта көп жылдан бери эмгектенген, эч ким менен чырдашкан эмес. Калган себептерин күч кызматтары териштирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG