Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Президент Үсөнбек Ниязбековго ыйгарылган медалды анын үй-бүлөсүнө тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековго ыйгарылган «Эрдик» медалын маркумдун апасы Өктөм Мамаевага тапшырууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековго ыйгарылган «Эрдик» медалын маркумдун апасы Өктөм Мамаевага тапшырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүн кабыл алып, ага ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырды.

6-сентябрда мамлекет башчы менен жолугушууга Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков келди.

Президент аларга көңүл айтып, Үсөнбек Ниязбеков бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи.

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков 7-августта, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын биринчи күнүндө ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

27-августта президент маркумду «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG