Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Орусия: БШКнын төрайымы Памфилова үйүндө сабалды


Элла Памфилова.
Элла Памфилова.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованы үйүндө чоочун адам сабап кеткенин билдирди. Маалыматка ылайык, кол салган адам аны электрошокер менен бир канча жолу башка чаап, качып кеткен. Окуя 6-сентябрга оогон түнү болгон. Ниети бузук адам Памфилованын үйүнө көчөгө караган терезесинен кирген.

«Baza» басылмасы өзүнүн булактарына таянып кол салган адамдын электрошокери иштебей калганын жазды.

Бул окуяга байланыштуу «Кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

БШКнын аппараты Памфилованын саламаттыгы дурус экенин, жума күнү Москва шаарында эл аралык жыйынга катышканын маалымдады.

Орусияда 8-сентябда бир катар аймактарда шайлоо өтөт. Ага ылайык, 19 аймактын башчылары шайланат.

Федерациянын бир катар субъектилеринде, андан тышкары Орусия аннексиялаган Крым менен Севастополдо муниципалдык жана аймактык шайлоо өтөт. Ошондой эле талапкердерди каттоо маалында нааразылык чыккан Москва шаардык кеңешине депутаттар шайланат.

XS
SM
MD
LG