Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Орусиядагы шайлоо: байкоочулар кол салуу болгонун айтышты


Санкт-Петербург. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Санкт-Петербург. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 8-сентябрда Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтүп жатат. Санкт-Петербургда оппозициячыл талапкерлердин аймактык шайлоо комиссиясындагы эки байкоочу шайлоо күнү аларга кол салуу болгонун айтып чыкты. Алардын бири Анна Шлейникованы үйүнөн чыга беришинде бирөөлөр күтүп туруп, ага зелёнка чачышкан. Шайлоо бекетинин ишине «жолтоо болбошу» үчүн алдын-ала сүйлөшүп алууну сунуш кылышкан. Бул тууралуу Навальныйдын Санкт-Петербургдагы штабы кабарлады.

Мындан сырткары байкоочу Георгий Медвинскийди белгисиз жарандар бир нече жолу муштап, качып кетишкен. Ага эч кандай талаптар айтылган эмес.

Санкт-Петербург шайлоо комиссиясынын төрагасы Виктор Мненко маалымат каражаттарында байкоочуларга кол салуу боюнча чыккан маалыматтарды “фейк” деп атады.

“Эркин/Европа Азыттыктын” орус кызматы жана “Настоящее Время” добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу жазды. Анда добуш сатуу, айрым жарандардын ордуна башка бирөөлөр добуш берип койгон, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбулап добушканаларга алып келген фактылар болуп жатканы белгиленет. Шайлоочулардын укугун коргогон “Голос” кыймылынын маалыматында, Санкт-Петербургдагы бир катар шайлоо бекеттеринде “Бирдиктүү Орусиянын” талапкеринин тушуна чекит коюлган, типографиялык ката менен бюллетендер табылды.

Мындан сырткары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Пензедагы шайлоого байкоо салуу үчүн бараткан төрт тарапкерлерин полиция кармап кеткен.Ошондой эле полиция Москва аймактык шайлоо комиссиясынын имаратында “Голос” кыймылынын коррдинатору Владмир Егоровду кармап кеткен. Полиция Егоров документи жок имаратка кирүүгө жана жаңжал чыгарууга аракет кылганын белгилеген.

Москва шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Валентин Горбуновдун маалыматына караганда, шаардык Думага добуш бергендер түшкү саат 12:00гө 5,6 пайызды түздү.

Шайлоо өнөктүгү Москвада массалык нааразылык акциялары менен коштолду.

Москвалыктар июль айынан бери бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.

XS
SM
MD
LG