Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Москвада шайлоо күнү электрондук добуш берүү системасы эки жолу бузулду


Добуш берүүгө келген орусиялык жарандар. 8-сентябрь, 2019-жыл.
Добуш берүүгө келген орусиялык жарандар. 8-сентябрь, 2019-жыл.

Москвада 8-сентябрда өткөн шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо алгачкы жолу электрондук добуш берүү системасы ишке кирип, бирок эки жолу бузулду.

Электрондук түрдө интернет аркылуу добуш берүү үчүн системага 11 миң шайлоочу алдын ала катталган. Система биринчи жолу бузулган маалга чейин үч миңден ашык шайлоочу добуш берүүгө жетишкен. Биринчи ирет система 40 мүнөткө добуш берүү жараянын токтотуп, кайра калыбына келген. Көп өтпөй эле электрондук система экинчи жолу бузулуп, бир саатка жакын шайлоочуларды добуш бере албай, күткөнгө туура келди.

Натыйжада электрондук система аркылуу катталган 11 миң шайлоочулардын 92% добуш берүүгө үлгүрдү.

Москвалыктар июль айынан бери бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча чыккан талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып келишкен. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон.

XS
SM
MD
LG