Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Орусия: шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Москва убактысы менен түнкү саат 12де бирдиктүү добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, көпчүлүк аймактарда айрым талапкерлер жеңишке жетти. Добуштарды саноо толук аягына чыга элек. Санкт-Петербургда кечки саат 12ге карата добуштардын 5% саналгандан кийин Александр Бегловго добуш бергендер 66 пайызды түздү.

“Бирдиктүү Орусия” Мамлекеттик Думага кошумча шайлоо өткөн төрт огругдун үчөөндө жеңишке жетишти.

Бир округда ЛДПР алдыга чыкты. Хабаровск крайында ЛДПР “Бирдиктүү Орусиядан” кыйла алдыга озуп, мыйзам чыгаруу жыйынында көпчүлүктү алмай болду. Новосибирскиде азыркы мэр Анатолий Локоть утса, Навальныйдын штабынан Сергей Байко добуштардын саны боюнча экинчи болгон.

Москва шаардык кеңешинде көпчүлүк үчүн күрөш катуу болду. Оппозициядан талапкерлер болгондордо 45 округдун 20сында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Алардын көпчүлүгү Орусиянын коммунисттик партиясынын өкүлдөрү. Үч округда “Яблоконун” өкүлдөрү алдыга чыккан.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын тарапташтары муну “Акылдуу добуш берүүнүн” чоң жеңиши катары баалап жатышат.

Орусияда бул жолу салыштырмалуу аз шайлоочу катышты. Мисалы добуш бергендердин саны боюнча дайым биринчиликти алып келген Башкирияда шайлоого 65% шайлоочу катышканы маалым болду. Санкт-Петербургда 23,69%, ал эми Москвада 17,2% эле пайызды түздү.

“Интерфакстын” маалыматына караганда, Москва шаардык кеңешине добуштардын 20% саналып бүткөндөн кийин Орусиянын коммунисттик партиясы 12, “Бирдиктүү Орусия” 4, “Яблоко” 4 округда жеңишке жеткен.

8-сентябрда Алтай, Башкирия жана Калмыкия республикаларында, ошондой эле Забайкалье, Ставрополь, Астрахань, Вологод, Волгоград, Курган, Курск, Липецк, Мурманск, Оренбург, Сахалин, Челябинск облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын башчылары шайланды. Москванын тургундары бир мандаттуу 45 округда добуш берип, шаардык кеңештин депутаттарын тандашты. Орусия тараптан аннексияланган Севастополдо дагы шаардык парламент шайланды.

XS
SM
MD
LG