Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Макрон менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулашты


Владимир Путин (солдо) менен Эммануэл Макрон.
Владимир Путин (солдо) менен Эммануэл Макрон.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон 8-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну талкуулады. Бул тууралуу Кремль маалымдады.

Путин менен Макрондун телефон аркылуу сүйлөшүүсү Москва менен Киев туткундарды алмашкандан кийинки учурда болуп отурат. Макрон камактагыларды алмашууну оң баалаган.

Орусия менен Франция президенттеринин пикир алмашуусу Москвада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушардын алдында болду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Иран, анын ичинде Перс булуңундагы кырдаалды, Украинадагы жана Борбордук Африка Республикасындагы абалды талкууламакчы.

Франциянын коргоо министри Флоранс Парли менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун жолугушары да айтылды.

«Франция менен Орусиянын жалпы кызыкчылыгына туура келген көптөгөн геостратегиялык проблемалар бар», - деди Флоранс Парли.

XS
SM
MD
LG