Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Көл-Төр.
Көл-Төр.

Чукул билдирүү:

10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

11-12-сентябраларда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2 градус болуп үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.

10-сентябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.

XS
SM
MD
LG