Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Казакстанда кытай компанияларына каршы нааразылык уланууда


Казакстан.
Казакстан.

Казакстандын Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары өлкөдө кытай заводдорунун курулушуна каршы жетинчи күн катары менен нааразылыкка чыкты. 9-сентябрда калаанын борбордук аянтына чогулган жарандар бийликти “заводорду куруу сыяктуу долбоорлор менен ишке ашып жаткан кытай экспансиясын” токтотууга чакырды. Алар Кытайдан гана эмес, Европа, Жапония жана Америкадан инвестиция тартууну талап кылышууда. Алар буга чейин президент Касым-Жоомарт Токаевди ушул жумада Кытайга боло турган сапарынан баш тартууга да чакырышкан.

Жаңы-Өзөндүн тургундарын колдоп, өткөн жумада Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Чимкент, Актөбө шаарларынын тургундары дагы кытайдын экономикалык долбоорлоруна каршы нааразылык акцияларын өткөргөн.

Казакстандагы Кытайдын экономикалык долбоорлоруна каршы нааразылык президент Касым-Жомарт Токаевдин Бээжинде өтө турган сапарынын алдында болуп отурат.

Токаев 11-12-сентябрда болчу сапарында Кытайдын башчысы Си Цзиньпиң менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

XS
SM
MD
LG