Бишкекте жеңил автоунаа менен эл ташыган автобус катышкан жол кырсыгынан төрт киши каза болуп, бир нече адам жаракат алды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 9-сентябрда саат 15:00дөргө жакын Чыңгыз Айтматов проспектисинде болгон.
«Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги төрт эркек киши мүрт кеткен. Дагы бир кыз оор жаракат алып, аны «тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен. Учурда автобустун ичиндегилердин канчасы жаракат алганы такталып, ким айыптуу экени териштирилип жатат.
Автокырсык боюнча бардык материалдар ИИМдин Тергөө кызматынын жол кырсыктарын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилет. (BTo)