Кыргызстандын абактарында өмүр бою эркинен ажыратылган 340тай жаран бар. Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Альберт Колопов «Азаттыкка» алардын жаш курагы 20дан жогору экенин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн атайын абак жок болгондуктан ар кайсы жактарга бөлүштүрүлгөн. Айрымдары шарты катаал убактылуу кармоочу жайларда отурат.
Бүгүн Бишкекте өмүр бою түрмөгө кесилгендердин абалы, жаңы кабыл алынган кодекстердин аларга тийгизген таасири, ырайым маселеси туурасында талкуу өтөт. Ага укук коргоочулар, юрист эксперттер, судьялар жана тийиштүү органдардын өкүлдөрү катышат.
Талкууну Акыйкатчы институту менен Кыйноого каршы коалиция өткөрүп жатат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анын негизинде кодекстерге байланыштуу талдоо жүргүзүлөт.
Кыргызстанда аялдар менен балдарды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарылбайт.
Быйыл 1-январдан тарта жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Ага ылайык айрым соттолуучулардын иши кайрадан каралууда. (КЕ)