Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.
Аны парламентке бүгүн, 11-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.
Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген. (BTo)