Өзбекстанда «Атом энергиясын жайчылык максатта пайдалануу жөнүндө» мыйзам кабыл алынды.
Мындан эки жыл мурда Ташкент менен Орусиянын «Росатом» мамлекеттик ишканасы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан.
2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча «Узатом» агенттиги түзүлгөн. Ушул жылдын аягында Өзбекстанда атомдук станция куруу тууралуу Шавкат Мирзиёев Орусия менен макулдашкан.
Эки тараптуу алдын-ала макулдашууга ылайык, «3+» муунундагы, кубаттуулугу 1,2 гигаватт эки энергоблокту 2028-жылга чейин куруу пландаштырылып жатат.
Буга чейин мындай станциялар Жизак жана Навои облустарында курулушу мүмкүн экени айтылган.
Өзбекстан урандын запасы боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат.