Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:11

Улан-Удэ: акцияда Росгвардия 15 кишини кармады


Улан-Удэ шаарында Росгвардиянын кызматкерлери бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынын катарынан 15 кишини кармаганын «Новая газета» басылмасы жазды.

Күбөлөрдүн айтымында, түнкү саат экилер чамасында Росгвардиянын аскерлери акциянын катышуучулары отурган автобуска түтүн чыгаруучу шашка ыргытып, качкан адамдарды кармай башташкан. Кармалгандардын арасында аймактык парламенттин депутаты Баир Цыренов да бар. 11-сентябрда сот макулдашылбаган митингге катышканы үчүн ага 15 миң рубль айыпка жыккан. Активист Дмитрий Баиров болсо беш күнгө кесилген.

Бурятиянын борборундагы митинг 9-сентябрда башталган. Демонстранттар шаардын мэрин шайлоо боюнча жыйынтыкты кайра карап чыгууну жана якутиялык бакшы Александр Габышевдын соттолгон эки колдоочусун бошотууну талап кылып жатышат.

8-сентябрдагы Улан-Удэнин мэрин шайлоодо 52 пайыз шайлоочулардын добушун алып Игорь Шутенков алдыга чыккан. Анын атаандашы, 37 пайыз добуш топтогон Вячеслав Мархаев шайлоодо олуттуу мыйзам бузуу болгонун жарыялаган.

Бакшы Александр Габышев төрт айдан бери Москваны көздөй жөө келе жатат. Ал 2021-жылы Владимир Путинди кетирүүнү максат кылып баратканын айткан. Дээрлик эки миң чакырым жолду басып өткөн Габышев жүздөгөн адамдар менен баарлашуусу тартылган видео интернетте миллиондон ашык ирет көрүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG