Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:58

Орусия АКШнын тыңчысы деп эсептеген Смоленков боюнча Интерполго кайрылды


Олег Смоленковдун Виргиниядагы үйү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги президенттик администрациянын мурдагы кызматкери Олег Смоленковдун табылганына байланыштуу Интерполго кайрылды. Министрликтин басма сөз өкүлү Мария Захарова «Интерфакс» маалымат агенттигине комментарий берип жатып, «Орусияда бул жаран дайынсыз жоголгон деп эсептелет. Ал чет өлкөдө жүргөндө үй-бүлөсү менен кошо кат-кабарсыз кеткен. Анын жоголгонуна байланыштуу Орусияда кылмыш иши козголгон. Эми эки жылдан соң АКШдагы басылмалар Сммоленков Кошмо Штаттарда жашап жүргөнүн жазышты», деди.

Мунун алдында АКШдагы маалымат каражаттары Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрациясында иштеп жүрүп, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (БЧБ) менен кызматташкан Олег Смоленков тууралуу жазышкан. Анда АКШнын БЧБсы мындан эки жыл илгери Смоленковду атайын операциянын негизинде Москвадан тымызын алып кеткени айтылган.

АКШдагы CNN телеканалы, «New York Times» жана «Washington Post» басылмалары 9-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, БЧБнын «Кремлдеги тыңчысы» Путиндин жакын чөйрөсүнө кирбесе да жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен таанышууга, ал тургай орус президентинин үстөлүндөгү документтердин сүрөттөрү менен бөлүшүп турууга мүмкүнчүлүгү болгон. Ал БЧБ менен дээрлик 10 жылдай кызматташкан.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Олег Смоленковго байланыштуу учкай комментарий берген. Ага ылайык, «тыңчылыкка байланыштуу шек саналган жаран бир канча жыл мурун иштен кеткен жана мамлекет башчы менен түздөн-түз байланышпай, кездешпей турган кызматта иштеген».

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG