Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Төрт баланын өмүрүн алган кырсык: машине үлпөт той кортежинде бараткан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча баштапкы маалыматтар айтылды. Бишкек шаардык милициясы маалымдагандай, «Шкода Октавия» машинеси үйлөнүү үлпөт тоюндагы кортежде жүргөн. Кийин автоунаа кортежден артта калып, каршы тилкеге чыгып автобусту сүзгөн. Учурда тергөө улантылып жатат.

9-сентябрда «Шкода Октавия» жеңил машинесинин айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келе жаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги 17 жаштагы төрт бала мүрт кетип, алар менен бирге бараткан кыз оор жаракат алган. Автоунаалар кагылышкан бул кырсыктан баш-аягы жети киши жабыркаган.

Жол кырсыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG