Израил Ирандын Сириянын аймагынан болгон аскердик коркунучуна жөн карап турбайт. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочиде жолуккан учурда билдирди.
Нетаньяху Тегеран Сириянын аймагын Израилга багытталуучу ракеталарын орнотуш үчүн пайдаланып жатканын белгиледи. Мындай учурда аймакта Израил менен Орусиянын аскердик диалогу маанилүү болуп турат. Нетаньяху Путин менен жолугуу алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен кезигип, Жакынкы Чыгышта эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын зарылдыгын сүйлөшкөнүн билдирди.
Путин өз кезегинде Израил менен Орусиянын алакасы эл аралык терроризм коркунучунун фонунда абдан маанилүү экенин белгиледи. Израилдин президенти ошондой эле аны 2020-жылдын башында өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды. Путин чакырууну кабыл алганын кошумчалады. (TSh)