Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

КСДПнын өкүлдөрү аскердик прокуратуранын алдына чогулушту


Аскердик прокуратуранын алдына чогулган КСДПнын мүчөлөрү.
Аскердик прокуратуранын алдына чогулган КСДПнын мүчөлөрү.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутат Асел Кодуранова төрайымдык кылган бөлүгүнүн бир нече мүчөсү аскердик прокуратуранын алдына чогулуп, алардын кеңсеси «Медиа Форум» ишканасын камактан чыгарууну талап кылышууда.

Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, мүлктү камакка коюшкандан кийин, 12-сентябрда да аскердик прокуратуранын кызматкерлери кеңседен компьютерлерди, документтерди алып чыгып кетишкен. Партия мүчөлөрү бул аракеттер соттун санкциясыз жүрүп жатканын айтышып, түшүндүрмө талап кылышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин, 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. «Медиа Форум» ишканасында Атамбаевге ыктаган КСДПнын кеңсеси жайгашчу.

КСДПнын башка бөлүгүндө Сагынбек Абдрахманов төрагалык кылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG