Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

HRW Орусияны тил саясатын кайра карап чыгууга үндөдү


Алберт Разин. Ижевск, 10-сентябрь, 2019-жыл.
Алберт Разин. Ижевск, 10-сентябрь, 2019-жыл.

Удмуртиялык окумуштуу, активист Орусиянын тил саясатына каршлыгын билдирип, өзүн-өзү өрттөгөндөн кийин «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык уюму Москваны аз улуттар туш болуп жаткан «терең кыйынчылыктарга» көңүл бурууга чакырды.

Орусия «тил саясатын кайра карап чыгууга, лингвистикалык ар түрдүүлүктү жок кылып жаткан түз жана кыйыр дискриминацияны жоюуга тийиш», деп айтылат уюмдун 12-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Эки күн мурун 79 жаштагы философия илимдеринин кандидаты Альберт Разин Ижевскте, Удмуртия парламентинин алдында өзүнө өрт коюп, ооруканада көз жумган. Ал «менин эне тилим эртең жок болсо, мен бүгүн өлгөнгө даярмын» деген плакат кармап чыккан. Разин былтыр июнда жергиликтүү депутаттарды жаңы тил мыйзамын колдобоого чакырган катка кол койгондордун бири болчу.

Былтыр Мамлекеттик Дума талаш жараткан тил мыйзамын жактырган. Ага ылайык, улуттук аймактарда жана республикаларда жоголуп бараткан эне тилдерди окутуу милдеттүү сабактардын катарынан алынып салган.

XS
SM
MD
LG