Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:25

Президент бюджеттин киреше бөлүгүн толук аткарууну тапшырды 


Сооронбай Жээнбеков жана Бактыгүл Жеенбаева. 13-сентябрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-сентябрда өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, мамлекеттик каражаттарды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы жагдай менен таанышты.

Министр республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүшү, сот-укук реформасын, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат берди.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканы да айтылды.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткарып, калыс жана көз каранды эмес сот системасын курууга багытталган сот-укук реформасын камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.

12-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Аалы Карашев өкмөттүн «экономикалык өсүш болуп жатат» деген билдирүүлөрүн сынга алып, бюджет тескерисинче кедерине кетип жатканын белгилеген. Анда ал сегиз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүндө 4,8 млрд. сом аткарылбай калганын айткан болчу. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG