Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:54

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Москвага барышты


«Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн Москвага 2019-жылдын май айында барган учуру.

«Талибан» кыймылынын делегациясы 12-сентябрда Москвага барып, Ооганстанда тынчтык орнотуу жаатында орусиялык өкүлдөр менен жолукту. Бул визит АКШ президенти Дональд Трамптын «Талибан» менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун айткан учурга туш келди.

Орус тарап жолугушуу учурунда талибдер менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр кайрадан жанданышы керек экенин билдирген. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, Москва Ооганстандан чет элдик аскерлердин чыгып кетиши өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка шарт түзөт деп эсептейт.

«Талибандын» делегация башчысы Шер Мухаммед Аббас Станекзай RT телеканалына маек куруп, кыймыл Вашингтон менен сүйлөшүүнү жандантууга макул экенин, эгер алар улантылбаса ооган жергесиндеги соккулары улана берерин билдирген.

Талибдердин лидерлеринин дагы бири кыймыл эл аралык сүйлөшүүлөрдө Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана Борбор Азиянын колдоосуна ишеним арта турганын «Reuters» агенттигине айткан.

Орусияда бул кыймыл расмий түрдө «террордук уюм» деп таанылган. Ошого карабай, «Талибандын» делегациясы буга чейин да Москвага бир канча ирет барган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG