Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту


Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукту. Мамлекеттик резиденцияда кечке жуук уюштурулган жабык жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн 12 мүчөсү катышкан. Ал эми Болот Шер ден соолугуна байланыштуу барган эмес.

Жолугушуудан чыккан мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жолугушуу ачык-айкын өтүп, өлкөдөгү бардык маселе талкууланганын билдирди.

Убактылуу Өкмөттүн курамына кирген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыр камакта.

Жолугушуунун алдында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак эс алуу багына көчөт тигишти. Журналисттердин суроолоруна жооп берип, президент менен кыргыз саясатынын кечээги, бүгүнкү күндөрүн жана келечегин сүйлөшөрүн билдиришкен.

Убактылуу Өкмөт: президентке сын айта алабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:02 0:00

Президенттин администрациясы жолугушуу жөнүндө маалымат тарата элек.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG