Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:18

Балбан Тынар Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт


Тынар Шаршенбеков (көк кийимчен) жана Максим Нихода. Казакстан, Нур-Султан шаары. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт. Ал көңүл жубатуучу беттеште Беларусиядан келген балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде утуп алды.

Шаршенбеков мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, экинчи беттешинде жапон балбаны Шиноби Отага жеңилди. Жапон балбаны финалга чыкканына байланыштуу Шаршенбеков көңүл жубатуучу күрөшкө чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Эми коло байге үчүн беттеште Шаршенбеков казак спортчусу Алмат Кеписбаев менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы менен 19:00дө башталат.

Бүгүн, 15-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн балбан Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде жеңип алды.

Атабек Азизбеков (кызыл кийимчен) латвиялык балбан Лаймутис Адамайтисти.
Атабек Азизбеков (кызыл кийимчен) латвиялык балбан Лаймутис Адамайтисти.

Ушул эле күнү 97 килограмм чен бирдикте килемге чыккан Үзүр Жусупбеков менен 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Амантур Исмалиов алгачкы беттештеринде жеңилди.

Спорттук күрөш түрлөрүнөн өтүп жаткан дүйнө чемпионаты Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшчүлөрү Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) таймаштарын байгесиз жыйынтыкташты.

Дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG