Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Тунисте президенттик шайлоо өтүп жатат


Тунисте шайлоодо добуш берип жаткан аял.
Тунисте шайлоодо добуш берип жаткан аял.

Тунисте 15-сентябрда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого 24 талапкер ат салышууда. Алардын ичинде азыркы премьер-министри Юсуф Шахид, мурдагы эки өкмөт башчы жана коргоо министри бар.

Тунистин мурдагы президенти Байжи Каид Ассабси июль айында 92 жаш курагында көз жумган.

Ал демократиялык жол менен шайланган алгачкы президент болгон.

Байжи Каид Ассабси 2011-жылы «араб жазы» деп аталган элдик толкундоолордун натыйжасында авторитардык башчы Зина ал-Абидин ибн Али бийликтен кулатылгандан кийинки биринчи ачык-айкын өткөн демократиялык шайлоодо утуп, бийликке келген.

Өлкөдө акыркы жылдары демократиялык башкаруу калыптанып жатканы менен элдин жашоо турмушу төмөн болуп, жумушсуздук күч бойдон калууда.

Тунисте 6-октябрда парламенттик шайлоо да өтөт.

XS
SM
MD
LG