Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Тунисте президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Шайлоодо көп добуш алган өз алдынча талапкер, профессор Каис Сайид.
Шайлоодо көп добуш алган өз алдынча талапкер, профессор Каис Сайид.

Тунисте жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары эки талапкердин - камактагы магнат менен конституциялык укук боюнча профессордун - алдыга чыкканын көрсөтүүдө.

«Sigma Conseil» уюмунун экзит-поллуна ылайык, өз алдынча талапкер, профессор Каис Сайид добуштардын 20 пайызга жакынын алды. «Арам акчаны адалдаган» жана «салыктан качкан» деген айыптар менен өткөн айда соттолгон медиа магнат Набил Карyи 15,5 пайыздык добуш менен экинчи орунга чыкты. Эгер баштапкы жыйынтык ырасталса, бул эки талапкер 13-октябрга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасында күч сынашмакчы.

Түндүк Африканын бул өлкөдөгү президенттик шайлоого учурдагы өкмөт башчы Юсуф Шахид баштаган 24 талапкер ат салышты. Алардын арасында мурдагы бир президент, эки экс-премьер-министр бар.

15-сентябрдагы шайлоо июль айында президент Бежи Каид Эс-Себси 92 жашында көз жумгандан кийин жарыяланган.

XS
SM
MD
LG