Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

HRW Шинжаңда ата-энеси камалган балдар боюнча тынчсызданууда


Шинжаң районундагы базар.
Шинжаң районундагы базар.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму Кытай бийлигин Шинжаң районундагы балдар үйлөрүндө кармалган өспүрүмдөрдү ата-энелерине же жакындарына өткөрүп берүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюмдун 15-сентябрдагы билдирүүсүндө расмий Бээжин «сансыз баланы» ата-энесинин уруксаты жок интернаттарда кармап турганы, аларды кытай тилин жана үгүттүк ыр-бийлерди үйрөнүүгө мажбурлап жатканы айтылат. Бул балдардын кайсы биринин ата-энеси саясий тарбия лагерлеринде кармалып турса, айрымдары өлкөдөн чыгып кетишкен. «Human Rights Watch» Шинжаң аймагынан чыгып кетип, Кытайда калган балдары менен байланыша албай жаткан беш үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

Уюм Шинжаңда 1 миллиондой түрк тектүү мусулман лагерлерде эрксизден кармалып турганын эске салып, так канча бала интернатта экени белгисиз экенин билдирди. Бээжин уюмдун соңку билдирүүсүнө жооп бере элек. Бирок буга чейин Кытай бийлиги саясий лагерлерди атуулдарга билим берип, кесипке үйрөтө турган жайлар катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG