Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:19

Президент Жээнбеков латын алфавитине өтүүнү колдобойт


Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алп жатып билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы убакта коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча да пикирин билдирди.

- Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек, - деди Жээнбеков.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча демилге - эгемендик алган жылдардан бери эле байма-бай көтөрүлүп келаткан темалардын бири. Акыркы жылдарда бул демилге кайрадан кызуу талкууга түшүп, дүйнөлөшүү мезгилинде латын тамгасына өтүү мезгил талабына айланганы айтыла баштады.

11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаков Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, латын алфавитине өтүүнү колдой турганын айткан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (52)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG