Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Лейлекте чек арачы окко учту, атышуу токтоду


Баткен.
Баткен.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атыштан кыргызстандык бир аскер каза болуп, 13 адам жаракат алды.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, жараат алгандардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары.

“Жараат алгандардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор. Калган он бир адам Башкы штабдын аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке жеткирилет”, - деп билдирди Чек ара кызматынын өкүлү.

Гүлмира Бөрүбаева учурда чек ара аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин, бүгүн эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганын кошумчалады.

Сүйлөшүүнү Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев жетектесе, Тажикстандан бул өлкөнүн Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Хикматтулла Пиратов катышат.

Чек арадагы ок атыштан бир аскер каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Президент Жээнбеков кеңешме өткөрдү

17-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн жагдай боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын айткан.

Кеңешмеге президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришип, ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өткөн кеңешме.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өткөн кеңешме.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген, мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи.

Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарып жатып курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ага чейин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абал боюнча күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөргөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берген.

Премьер-министр чек араны коргоо чараларын жана чек арага жакын аймактардын тургундарынын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды.

Абылгазиев кыргыз тарап буга чейин макулдашылган мамлекет аралык келишимди так сактарын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөшкөн.

Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок чыгарышы кабыл алынгыс экенин билдирген.

Министр тажик тараптын огунан бир чек арачы каза болуп, эки адам жарадар болгонун жана Кыргызстандын жаранынын үйү өрттөнгөнүн кабарлап, тажикстандык аскерлер минометтон ок чыгарганына көңүл бурган.

Разаков: Ворух - Ак-Сай маселесинде чыңалуу бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:07 0:00

Окуянын хронологиясы

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган.

Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн. Бул маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын жүйө келтирди. Алардын айтымында, Кыргызстан тарап курулуш иштерин башташ үчүн төрт вагон орноткон.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп чыгарып, миномёттон аткылаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган.

Мунун алдында социалдык тармактарда видео тарап, анда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп жатканы айтылган. Видеону тартып жаткан жергиликтүү тургун алыста октун үнү угулганын, тургундар бала-чакасын алып, айылдан чыгып кетип жатканын билдирген.

Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов курман болду. Ал 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Чек ара кызматы Муминов Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатомёттон аткылоосунан көз жумганын белгилеген.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, 16-сентябрда кечки саат 18:45те Бабажан Гафуров районуна караштуу Оочу Калача айылынын Бахор деген жериндеги спорт аянтчасында белгисиз имараттын курулушу башталган. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына бул мыйзамсыз курулуш экенин эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.

Тажик чек ара кызматы «кыргыз тарап макулдашууну бузуп, аталган жерге 250-300 аскер кызматкерин жибергенин» да кошумчалаган.

«Саат 19:00дө чагымга барып, Бахор маалесинин тургундарына каршы ок чыгарып, андан Тажикстандын бир жараны каза болду», - деп айтылат Тажикстандын чек ара күчтөрүнүн маалыматында.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Кыргыз-тажик арасында чыр-чатактар улам кайталанып келет. Быйыл жыл башынан бери өзгөчө Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын тилкеде көп чыр катталды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда, дал ушул Ак-Сай менен Ворух анклавынын чегинде жолугушуп, эки өлкөнүн тургундары менен да сүйлөшкөн.

Жээнбеков менен Рахмон чек арада жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу андан соң Тажикстандын Исфара жана Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарларында уланган. ​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG