Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:56

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта 8 киши жаракат алды


Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстан тараптан жалпысынан сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Максат айылына жакын жердеги атыштан эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алды. Алардын ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.

Жабыркагандар Лейлек райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор деп бааланууда, бири башынан жаракат алса, экинчисине ок жаңылган.

Учурда Максат айылында төрт «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок аткан. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду. Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун билдирүүдө. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына аталган жерде мыйзамсыз курулуш баштаганын эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG