Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 62 жаштагы Рахматулло Туранов жаңы кодекстерге нааразылык иретинде ачкачылык кармай баштаганын айтып Акыйкатчы институтуна арызданган. Мурда өмүр бою эркинен ажыратылган бул адам 30 жыл түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин да шарттуу түрдө, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгү жаңы кодекстерде каралбай калганына нааразылыгын билдирген. Бул маалыматты Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Альберт Колопов «Азаттыкка» ырастады.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) «ачкачылык жарыялоо боюнча расмий арыз түшкөн жок» деп билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова аты аталган соттолуучу тамак ичип жатканы видеолордо көрүнгөнүн кошумчалады.
Быйыл 1-январдан тартып жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган.
Кыргызстандын абактарында жаткан өмүр бою эркинен ажыратылган жарандардын саны 340ка жакын. (КЕ)