Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:40

Жороев: чек ара маселеси күч колдонуу менен чечилбейт


Эмил Жороев.

Чек ара маселеси күч колдонуу же опуза менен чечилбейт. Бул тууралуу саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча «Азаттыкка» пикирин билдирди. Ал маселе диалог, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керек деп эсептей турганын айтты:

- Эки тараптан тең күч колдонулса маселени чечүүгө эмес, кан төгүүгө жакындатып жатат. Абал мындан да курчуп кетиши мүмкүн. Диалог канча убактан бери болуп жатат. Бирок кеп ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугунда болуп жатат. Сыягы эки тарап тең макул болгудай варианттарга келе алышпай жатат. Анда башка жолдорун сүйлөшүш керек. Бирок атышуу, согушуу менен чечүү азыркы кылымдын, азыркы убактын ыкмасы болбой калды.

Жороев буга чейинки кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусунда бир чечимге келүү же кайсы бир вариантты кабыл алгандыгы тууралуу маалымат айтылбаганын белгилеп жатат. Ошол себептүү эки мамлекет башчынын кол алышуусу пайдасыз болуп калган деген тыянак чыгарса боло турганын белгиледи.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон аткылаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетин, андан соң Сай айылындагы бекетти аткылаган. Атышуудан кыргызстандык бир чек арачы курман болуп, 13 адам жарадар болгон.

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун билдирүүдө. Тажикстандын бийлиги үч чек арачы каза болгонун кабарлады. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG