Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Сот Армениянын мурдагы президентин камакта калтырды


Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сотто.
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сотто.

Еревандын соту «1-март» иши боюнча камакта отурган Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Бул чечимди ишти карап жаткан судья Анна Данибекян 17-сентябрдагы сот жараянында окуду.

Ушул эле күнү мурдагы президенттин адвокаттары Кочарянды күрөөгө бошотуу же бөгөт чарасынын камакка алуудан башка түрүн тандоо боюнча дагы бир өтүнүч келтирди.

Кочарян жана дагы мурдагы үч жогорку кызмат адамынын үстүнөн сот иши 12-сентябрда кайра жанданган.

1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган Кочарян «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган», ошондой эле «үч миллион доллар өлчөмүндө пара алган» деп айыпталып жатат.

2008-жылы 1-мартта Ереванда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан митингчилер кууп таратылган. 11 жыл мурдагы окуяда сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Эгер бул айыптар боюнча анын күнөөсү далилденсе, 65 жаштагы экс-президент 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул постсоветтик Армениянын тарыхындагы эң чуулгандуу сот иш катары мүнөздөлүүдө.

XS
SM
MD
LG