Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:56

Түндүк кореялык балыкчылар үч орус чек арачысын жарадар кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аймагына таандык сууларда мыйзамсыз балык уулап жүргөн түндүк кореялык куралчан балыкчыларды кармоо учурунда орусиялык үч чек арачы жаракат алды.

Федералдык коопсуздук кызматынын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, орус чек арачылары Жапон деңизинин Орусияга таандык аймагында жүргөн 13 моторлуу кайыкты байкашкан. Андан кийин 45тей куралдуу каракчы орус чек арачыларын көздөй ок атышкан.

ФСБ-21 түндүк кореялык жаран жана эки кайык кармалганын, калганы качып кетүүгө үлгүргөнүн билдирди.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, бул окуяга байланыштуу Түндүк Кореянын элчиси Зин Чжон Хеп Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG