Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:36

Жогорку Кеңеште адам укуктарынын абалы талкууланат


Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун директорунун баяндамасын угат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды. Мыйзамга ылайык, парламент жылына бир жолу аталган органдардан маалыматын угат.

Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу көбүнесе укук коргоо, сот органдарына байланыштырылат. «Human Rights Watch» уюму да акыркы отчетунда өлкөдө сот адилеттиги сакталбай жатканын курч маселе катары көрсөткөн.

Акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте анын жыл жыйынтыгын чыгарган баяндамасы «канааттандырарлык эмес» деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет.

Буга чейинки эки акыйкатчы Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаевдин ишин парламент «канааттандырарлык эмес» деп мөөнөтүнөн мурда кетирген. Кызматынан өз каалоосу менен кеткен акыйкатчы Кубат Оторбаевге карата да парламент ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп, ошол бойдон токтоп калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG