Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

«Ош электро» ишканасында жетекчилик алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Директорлор кеңешинин чечими менен «Ош электро» ишканасынын директору болуп Артур Жусуев дайындалды. Ал буга чейин Өзгөн райондук электр тармагын башкарып келген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Муну менен катар директордун үч орун басары тең алмашып, алардын ордуна Нурлан Раимберди уулу, Улан Мамасадыков жана Медет Жумаев келди.

«Улуттук энергохолдингдин» маалыматына караганда, «Ош электронун» мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Мекеменин басма сөз кызматы ал «финансылык мыйзам бузууга жол бергени үчүн» кетти деген маалыматтар такталарын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG