Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 17:23

АКШ Ооганстандагы талибдердин кол салууларын айыптады


«Талибан» кыймылы президенттик шайлоону утурлай чабуулдар күчөй турганын эскерткен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алып, ондогон кишини жарадар кылган эки кол салууну айыптады. Вашингтон тараткан билдирүүдө: «Ушундай чабуулдар аркылуу «Талибан» ооган элине жана мамлекеттик мекемелерине үрөй учурган карасанатайлыгын көрсөтүп жатат. Оогандыктар чындап бейпилдикте жашашы үчүн талибдер жарандарга жана өлкө келечегине опол тоодой зыянын тийгизген зордук-зомбулугун тыйып, бейпилдикти каалай турганын далилдеши керек», деп айтылат.

Ооганстандын Парван провинциясында 17-сентябрда президент Ашраф Гани жыйын өткөрүп жаткан маалда, мотоциклчен адам өзүн жардырып жиберген. Жанкечтинин кол салуусунан 26 киши өлүп, ондогон адам жарадар болгон. Андан көп өтпөй эле Кабул шаарында да жанкечти кол салып, 22 адам ажал таап, 40тай киши жарадар болгон.

Эки жардырууну тең «Талибан» кыймылы уюштурганын мойнуна алган. Мунун алдында талибдер шайлоого каршы чабуулдар күчөй турганын эскертишкен.

9-сентябрда АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүлөр биротоло токтогонун жарыялаган. Анын алдында талибдер 12 кишинин өмүрүн алган жардыруу уюштурган.

Ооганстанда 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Ашраф Гани да ат салышып жатат жана андан башка дагы 17 талапкер бар.

XS
SM
MD
LG