Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия «өтө жашыруун» маалыматтар менен таанышты


Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйыны. 6-сентябрь, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйыны. 6-сентябрь, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүн документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтар менен тааныштырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG