Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:57

Москвада актёр Устиновду колдогон акция өтүп жатат


Москвадагы Павел Устиновду колдогон акция.

Орусиянын борбору Москва шаарында, сот чечими менен үч жарым жылга абакка кесилген 23 жаштагы актёр Павел Устиновду колдогон акция өтүп жатат. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүздөй актёр Устиновду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турушат.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өзү жалгыз пикетке чыккан адам бийликтен уруксат сурабай койсо болот. Бирок аймакта жүргөн полиция кызматкерлеринин бири пикетчилердин бир эле плакатты кармап турушканын, бул аракет массалык митинг катары да сыпатталышы мүмкүн экенин айтып, акцияга кийлигишүүгө аракет кылды.

Актёрлук кесипти жаңыдан баштап жаткан Устиновду 3-августта, Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерден кармап кетишкен. 16-сентябрда Тверь райондук соту актёрду «кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган» деп бүтүм чыгарып, өкүмүн окуган. Устинов болсо акцияга катышпаганын, болгону ал учурда метронун жанында досун күтүп турганын билдирген.

Орусиядагы белгилүү өнөрпоздор эки күндөн бери камактагы актёрду колдогон онлайн-флешмобго катышып жатышат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG