Кыргызстандын аймагында 21-сентябрда жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 29…34°;
Таласта түнкүсүн 7…12°, күндүз 28…33°;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18°, күндүз 30…35°;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11°, күндүз 18…23°;
Нарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 21…26°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 7…12° жылуу болот.
21-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 31…33° жылуу болот.