Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:05

Нур-Султанда көп балалуу энелер министрликтин алдында түнөштү


Экономика министрлигинин алдында түнөгөн энелер. Нур-Султан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

19-сентябрда Нур-Султанда акцияга чыккан жыйырма чакты көп балалуу эне түнү бою Экономика министрлигинин имаратынын алдынан кетишкен жок. Алардын жууркан жамынып, имараттын тепкичинде бири-бирине сүйөнүп отурган сүрөттөрү интернетке жарыяланды.

Чогулгандар казак бийлигинен турак жай маселесин чечип берүүнү жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоону күчөтүүнү талап кылышууда.

20-сентябрда таң эрте алар менен Нур-Султан шаарынын акимчилигинин өкүлү Бактияр Макен жолукту. Түшкө жуук көп балалуу энелер казак президенти отурган "Ак ордо" тарапка өтүүгө аракет кылышты. Бирок полиция кызматкерлери аларга мүмкүнчүлүк берген жок. Бул күнү казак баш калаасында ири компанияларды мамлекеттин менчигине кайтарууну, Кытай заводдорунун курулушуна тыюу салууну талап кылган дагы бир акция өттү.

Казакстанда муктаж үй-бүлөлөргө жардамды көбөйтүү талабы февралдан бери айтылып келет.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев ушул айдын башында парламентте элге кайрылып жатып, соңку беш жыл ичинде мамлекеттен социалдык жардам алгандардын саны мурда 77 миң адам болсо, азыр 1,5 миллиондон ашып көбөйгөнүн сынга алган. Өлкөдө «жалкоолор, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар арбып баратат" - деп билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG