Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:42

Фтизиатрия борборунун Глобалдык фонд менен кызматташуусу талкууланды


Фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллаат Кадыров Глобалдык фонддун өкүлдөрүн кабыл алды.

Кыргызстан кургак учукка каршы дары сатып алууда эл аралык донорлордон көз карандылыктан арыла баштады. Улуттук фтизиатрия борборунун расмий маалыматына караганда, дары-дармек жоктугунан бейтапты дарылоо үзгүлтүккө учураган бир да факт каттала элек.

Улуттук борбор кабарлагандай, 2016-жылга чейин кургак учукка каршы дарылардын баарын Кыргызстанга Глобалдык фонд бекер берчү. 2018-жылдан тарта өлкө мындай көз карандылыктан жарым-жартылай арылуу жолуна түштү.

Негизги топ деп эсептелген 1-катардагы препараттарды Кыргызстан толугу бойдон өз каражатына сатып алууда.

Ал эми кургак учуктун микобактерияларына туруктуу болуп калган ооруну дарылоочу 2-катардагы дары-дармектин 2018-жылы 10% Кыргызстан өзү сатып алса, 2019-жылы 15% жетише алды. Калганын Глобалдык фонд каржылоодо.

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллаат Кадыров аталган эл аралык уюмдун өкүлү Алексей Бобрик менен жолугушуу өткөрүп, мындан аркы кызматташтыкты талкуулады.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул жугуштуу илдет дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы андан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG