Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Жамашева: Батукаев бошогонун ал учуп кеткенден кийин билгем


Феруза Жамашева.
Феруза Жамашева.

Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева «Азаттыкка» кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулганына байланышкан кылмыш иши боюнча комментарий берди. Ал Батукаев түрмөдөн бошогонун ал Кыргызстандан учуп кеткенден кийин гана билгенин кошумчалады.

"Мен ал иш боюнча (ред: Азиз Батукаевдин) эч кимге эч нерсе деп айткан жокмун. «Андай кылгыла, мындай кылгыла» деген эмесмин. Мен төрайым (ред: Жогорку соттун) болгонум үчүн эле жоопкерчиликке тартылганым болбойт го дейм. Ал (ред: Батукаев) бошоп учуп кеткенден кийин, эртеси депутаттар маселе көтөрүп чыкканда билгем. Моралдык жоопкерчилик боюнча айтсам, ар бир судьянын ишине кандайдыр бир деңгээлде моралдык жоопкерчилик бар. Бирок республика боюнча канча судья бар, алардын ар биринин ишине жооп берүү мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча ар бир судья ишти өзүнүн ар-намысына жараша карайт. Алардын баарына жооп берүү туура эмес", - деди Жамашева.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайра жанданган кылмыш иши боюнча күч органдарына бир да жолу суракка чакырылбаганын билдирди. Буга чейин Жамашевага иш козголгону тууралуу маалыматтар тараган. Муну ИИМ четке какты.

Феруза Жамашева 2012-2015-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген. Учурда Жогорку соттун судьясы.

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып тагылып, кызматтан алынган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган. Ишти ИИМ иликтеп бүтүп, прокуратурага өткөрүп берүү алдында турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG