Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:06

Ооганстанда талибдер чоң жоготууга учурады


Ооганстан.

Ооган бийликтеринин айтымында, коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү бир катар провинцияларда жүргүзгөн операция учурунда «Талибан» кыймылынын согушкерлери ири жоготууларга учурады.

Кабулдун батышындагы Парван провинциясында болгон салгылашта талибдердин командири жана дагы алты жоочу өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 22-сентябрда провинциянын полиция башчысы Мухаммед Махфуз Вализада билдирди. Кармаш 21-сентябрдын кечинде богон.

Ал эми Газни провинциясынын Мукур, Рашидан жана Вагхаз райондорунда түндө болгон кармашта «Талибандын» 16 согушкери жок кылынып, 25и жаракат алган.

Ооган бийликтеринин кабарлашынча, Балх провинциясында болсо, 21-сентябрдын кечинде коопсуздук күчтөрү менен кармашта талибдердин талаа командири Мавлави Гүл Ахмад, андан тышкары сегиз жоочу тындым болгон. Ошондой эле эки жоокер курман болуп, төрт полициячы жаракат алган. Маалыматка караганда кармаш Мавлави Гүл Ахмад баштаган согушкерлер коопсуздук күчтөрүнө кол салгандан кийин башталган. Бул кармашта жоочулардын мизин кайтаруу үчүн аба соккулары да урулган.

Ооганстанда 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт. Аны утурлай өлкөдө кырдаал туруксуз болуп турат.

17-сентябрда Ооганстандын Парван провинциясында президент Ашраф Гани жыйын өткөрүп жаткан маалда мотоциклчен адам өзүн жардырып жиберген. Жанкечтинин кол салуусунан 26 киши өлүп, ондогон адам жарадар болгон. Андан көп өтпөй эле Кабул шаарында да жанкечти кол салып, 22 адам ажал таап, 40тай киши жарадар болгон.

Забул провинциясынын Калат шаарында 19-сентябрда эртең менен атайын кызматтын жана шаардык оорукананын имаратынын жанында машинеге катылган бомба жарылып, бери дегенде 20 адам өлүп, дагы 100дой киши жабыркады.

Ушул эле күнү ооган армиясынын жаңылыш аба соккусунан Нангархар провинциясында 30 кишинин өмүрү кыйылган.

Ооганстанда өтө турган президенттик шайлоону утурлай, Кошмо Штаттар менен талибдер ортосунда бир нече айдан бери уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашпай калган. Ошондон бери өлкөдө кандуу чабуулдар күч алды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG